Жаңылыктар
Туристтердин өлүмүнө себеп болгон кеменин капитаны камакка алынды
Дүйнө
Туристтердин өлүмүнө себеп болгон кеменин капитаны камакка алынды

Венгрияда "Викинг" круиздик лайнеринин капитаны кайрадан камакка алынды. 64 жаштагы капитан башкарган кеме Дунай дарыясында туристтерди алып жүргөн "Русалка" кемеси менен кагылышкан. Мындай чечимди Жогорку сот буга чейинки чечимдердин баарын жокко чыгарып, кабыл алды. Капитан үй камагында жүргөн. 

Трагедия 29-майда болгон. "Русалканын" бортунда Туштүк Кореялык 33 турист жана эки экипаж мүчөсү болгон. Авариядан катердеги 27 адам курман болгон. Бир адам дагы деле дайынсыз. Жети жүргүнчү куткарылган. Ал арада Түштүк Корея бийлиги "Русалка" кулаган жерден өз куткаруучуларын чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Акыркы жүргүнчүнү издөө иштерин венгриялык тарап өзү улантат.