Жаңылыктар
Кыргызстандык окуучу Париждеги эл аралык олимпиадада 3-орунга татыды
Билим
Кыргызстандык окуучу Париждеги эл аралык  олимпиадада 3-орунга татыды

Бишкек шаарындагы №9 мектептин окуучусу Мирхад Чекирбаев химия  боюнча өткөн Эл аралык  олимпиадада 3-орунга татыды. 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына каранганда,  олимпиада Парижде өтүп, ага 84 өлкөдөн 330 окуучу катышкан. Кыргызстан барган  команданын башка мүчөлөрү: Нурсултан Соодонбеков, Эльмар Зикиров жана Бакай Шейитов  сертификаттар менен сыйланышты.