Жаңылыктар
Пакистанда аскер учагы кулап, 19 киши каза болду
Дүйнө
Пакистанда аскер учагы кулап, 19 киши каза болду

Пакистанда аскер учагы кырсыкка учурап, 19 киши каза болду, дагы 16 адамдын  жаракат  алганын  Dunya News  телеканалы  кабарлады. Буга чейин  12 киши каза  болгондугу айтылган. 

 Алардын арасында  жергиликтүү тургундар  бар экендиги белгиленди. Пакистандын  авиациясына тиешелүү аба кемеси  машыгуу учурунда  жерге кулап, өттөнгөн.  Тутанган өрт  кырсыгынан  аймактагы бир нече турак-үй зыянга учураган.  Азырынча анын себептери  айтыла элек.