Тоң районунда быйыл беш чакырым жаңы жол салынат. Жолчулардын билдирүүсүндө, азыркы тапта айыл ичиндеги бир чакырым жол толук оңдоп түзөөдөн өтүп жатат.
Мындан сырткары Кажы-Сай, Темир-Канат, Жер-Үй жана Көл-Төр айылдарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Кошумча үч чакырым жолду майда таш менен түздөө иштери каралган. Негизинен №33 жол тейлөө мекемеси жалпы 408 чакырым жол тейлейт. Анын басымдуу бөлүгү кум, шагыл төшөлгөн жолдор.