Жаңылыктар
Дарыя агызып кеткен чек арачынын сөөгү табылды
Чек ара
Дарыя агызып кеткен чек арачынын сөөгү табылды

Суу агызып кеткен кыргызстандык чек арачынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу 30-июлда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, №2030 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер 19-июлда сыйгаланып, Ак-Булак дарыясына түшүп кеткен.

Аны издөө иштерине Кыргызстан жактан да, Өзбекстан тараптан да куткаруучулар катышты. Суунун катуу агымы жоокерди окуя болгон жерден 11 чакырым алыс агызып кеткен. Аскердин сөөгүн Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери таап, Кыргызстанга өткөрүп беришти.