Жаңылыктар
Аптап дагы созулабы?
Өзгөчө кырдаал
Аптап дагы созулабы?

Абанын ченемден тыш ысык температурасы 3-августка чейин сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматта 1-3-август күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 30-июлдан 3-августка чейин 39-41 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүп жатканы айтылат.

"Мындай кургак жана ченемден тыш ысыктын учурунда теринин күйүшүнөн жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн тийген жерлерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат", -  деп айтылат билдирүүдө.