Жаңылыктар
Айбек Кубанычбек уулу Азия жана Океания чемпионатында күмүш медаль тагынды
Спорт
Айбек Кубанычбек уулу Азия жана Океания чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык дзюдочу Айбек Кубанычбек уулу дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия жана Океания чемпионатында күмүш медаль тагынды. Мелдеш ушу тапта Тайбэйде өтүп жатат.

Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 29-июлда Кубанычбек уулу 60 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, мелдештин финалына чыкты.

Финалдык беттеште ал жапониялык балбан Кондо Хаято менен күч сынашып, 2:0 эсебинде жеңилди. Алтын медалды жапон балбаны Кондо Хаято тагынса, Айбек Кубанычбек уулуна күмүш байге тийди.

Финалдык беттешке чейин Кубанычбек уулу жарым чейрек финалдык таймашта кувейттик дзюдочу Омар Алтхуфаирини, чейрек финалда казакстандык Дамир Болатбековду, жарым финалда тажик балбаны Мехрзод Суфиевди жеңип алган.

Дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия жана Океания чемпионты 29-июлда башталып, ага 21 мамлекеттен 182 спортчу катышууда.