Жаңылыктар
Коргоо комитети: 3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте
Кыргызстан жаңылыктары
Коргоо комитети: 3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте

Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети биринчи жарым жылда аткарган иштери боюнча маалымат берди. Белгилүү болгондой, учурда 3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат. Акыркы жылдары 453 аскер кызматкери батирлүү болгон. 

Батирлер Баткен, Ош жана Бишкекте берилген. Бул жылы Ошто 216 батир жана Бишкекте 81 батирди берүү пландалууда. Ошондой эле, аскер күчтөрүндө машыгуу сабактары өтүлүүдө. Күзгү аскерге чакыруу иштери мерчемделген. 2019-жылы аскердик милдетин өтөө үчүн 3 миңге жакын жаран чакырылган жана ага кошумча альтернативдик кызматка 7-8 миң адам тартылганы маалымдалды. Буга катар, жогорку аскер институтуна жана чет элдик аскер окуу жайларына абитуриенттер кабыл алынып жатканы айтылды.

"Жогорку аскер окуу жайына өткөн абитуриенттер азыркы тапта даярданып жатат. Эң татыктуу жакшы даярдыктагы окуп билим алгандар буйрук менен бекитилген. Аны менен бирге 1-августтан тарда Улуттук аскер лицейине да кабыл алуу иш чаралары башталган",- деди Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев.