Жаңылыктар
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын макамы өзгөрдү
Билим
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын макамы өзгөрдү

Өкмөт Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын макамын өзгөртүү жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети деп атоо тууралуу токтом чыгарды. 

Тиешелүү токтомго  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 

Токтом бир катар багыттар боюнча кадрларды даярдоону жакшыртуу, юриспруденция, экономика, башкаруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында кабыл алынды.