Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда «Кербен» аэропорту учактарды кабыл ала баштайт
Аймак
Жалал-Абад  облусунда  «Кербен» аэропорту учактарды кабыл ала баштайт

Жалал-Абад  облусундагы  «Кербен» аэропорту  учактарды кабыл ала баштайт. Аба майдандагы оңдоо иштери аяктады. 

Белгилей кетсек, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында «Манас» эл аралык  аба майданы түштүк аймактагы аэропортторду жакшыртуу багытында аэробекеттик комплексти кеңейтүү боюнча иштер   башталган.   Ошондой эле, авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп,  аэропорт ички каттамдарды тейлейт.

«Кербен» аэропортун оңдоо иштерине «Манас» аэропорту 11 млн. сом бөлгөн.