Жаңылыктар
Өлкөдө чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн келечеги бар
Экономика
Өлкөдө чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн келечеги бар

Президент Сооронбай Жээнбеков энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган. Негизги максат - энергетика тармагында экономикалык багытта укуктук негизде иш алып барууга шарт түзүп берүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарына инвестиция тартуу жана бул тармакты мамлекет тарабынан найтыйжалуу башкаруу. 

Адистердин айтымында өлкөдө чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн келечеги бар. Буга чейин ири ишкерлер бул тармакка инвестиция салууга кызыкдар экенин да билдирген. Бирок он бир жыл мурда кабыл алынган кайра жаралуучу энергиянын булагы тууралуу мыйзамдагы айрым мүчүлүштүктөр тармакты артка тартып келген. Соңку үч жылдан бери ишкерлер, чакан ГЭСтер бирлигинин мүчөлөрү жана экономисттер мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап келген. Алардын сунушу колдоо таап, толуктоо кирген мыйзамды Парламент менен Президент колдоп берди.