Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат мектеп курууга жумшалат
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат мектеп курууга жумшалат

Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда 15 мектептин имаратына кошумча корпустарды куруу иштери жакын арада башталат. Бул багытка коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен дээрлик 800 млн сом бөлүнгөнү белгилүү. 

Ал эми каржы министрлигинин бирдиктүү эсебине күч органдарынан келип түшкөн каражаттардын көлөмү азыркы күндө бир жарым миллиард сомго жакындап калды. Келечекте каражаттар орто окуу жайлары жетишпеген республиканын бардык аймактарына багытталат.