Жаңылыктар
Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу келээрки жылы бүтөт
Экономика
Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу келээрки жылы бүтөт

Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу келээрки жылы күз айларында бүтөт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иштин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Буга чейин иш солгундап жаткандыктан, жол оңдоого жооптуу кызмат адамы алмаштырылган. 

Өкмөт башчысы мындан сырткары Чүй облусундагы жаңы ачылган ишканалар менен да таанышты. Анда айтылгандай, гектарлаган аянтты ээлеген алма багы менен айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкана ондогон жумуш орундарын түзүүгө жетишти.