Бишкек шаардык соту ЖЭБдеги авария боюнча Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов жана Узак Кыдырбаевдин ишин карай баштады. Айыпталуучулар буга чейин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен эки жарым жылга эркинен ажыратылып, ар бирине 100 миң сомдон айып пул салынган.
Бирок алар соттун бул чечимине каршы шаардык инстанцияга кайрылышкан. ЖЭБге байланыштуу жалпысынан беш кылмыш иши козголгон. Алардын эң негизгиси - энергообъектини модернизациялоо боюнча териштирүүлөр Свердлов райондук сотунда өтүп жатат.