Жаңылыктар
Президенттердин эки тараптуу жолугушуусу чек ара маселесин чечүүгө жаңы дем берди
Саясат
Президенттердин эки тараптуу жолугушуусу чек ара маселесин чечүүгө жаңы дем берди

Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу чек ара маселесин чечүүгө жаңы дем берди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев мекеменин 2019-жылдын жарым жылдыгы боюнча жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. 

Азыркы күндө мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мекемелер аралык комиссия өз ишин улантып, эки тарап тең иш процесстерин тездетүүнү макулдашты.