Жаңылыктар
Белгилүү тарыхчы Токторбек Өмүрбеков дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Белгилүү тарыхчы Токторбек Өмүрбеков дүйнө салды

Кыргызстандын тарыхчылар жана педагогдор жамааты орду толгус оор жоготууга учурады. Чыгаан тарыхчылардын бири, агартуучу, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Токторбек Өмүрбеков 30-июлда Бишкек шаарында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды.

Ал 1955-жылы 27-мартта Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кара-Суу кыштагында туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Мыкты бүтүрүүчү катары университеттеги өзү дипломдук иш жазган кафедрага ишке алынган. Ал КМУнун тарых факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент,  профессор болуп өмүрүнүн акырына чейин талбай эмгектенип келген.