Жаңылыктар
Талас облусундагы Түлөбердиев ири көмөк чордону жаңыланууда
Аймак
Талас облусундагы Түлөбердиев ири көмөк чордону жаңыланууда

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 500 кВ Түлөбердиев ири көмөк чордонунда реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул көмөк чордон Талас районунун Талды-Булак айылында деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашып, Талас облусун толугу менен электр энергиясы менен камсыздайт. 

Реконструкция иштери көмөк чордондун транзиттик схемасын түзүү максатында жүргүзүлүүдө, эми Түлөбердиев көмөк чордону Токтогул ГЭС 500 кВ аба чубалгысынан жана Фрунзенская көмөк чордонунан азыктандырылат. Бүгүнкү күндө куроо иштери аяктады, жаңы жабдууларды орнотуу үчүн фундамент куюлуп, бетондон жана темирден орундары даярдалууда. 

Учурда жаңы өчүргүчтөр, бөлүштүрүүчү жана 500 кВ өлчөөчү трансформаторлор орнотулууда. 2020-жылы релелик коргоо жана автоматика жабдыктарын куроо пландары каралган. Жаңыланган көмөк чордон керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоодо, сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.