Жаңылыктар
Жалал-Абад: 6 айда жол кырсыктан 4 бала каза болду
Кырсык
Жалал-Абад: 6 айда жол кырсыктан 4 бала каза болду

Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 6 айында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 57 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыктардын кесепетинен 4 бала каза болуп, 59 өспүрүм жаракат алган.

«Жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.

25-июндан 31-августка чейин ЖККК бөлүмү тарабынан «Балдар биздин келечек» аттуу акция жүрүп жатат.

Акциянын алкагында облустун бардык аймактарындагы эс алуучу жайларда, лагерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деди ЖККК бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев.

2018-жылы 63 кырсык катталган. Анын кесепетинен 11 өспүрүм каза болсо, 64 бала жабыркаган.