Жаңылыктар
Кербен шаарындагы аба майданы толугу менен реконструкцияланууда
Аймак
Кербен шаарындагы аба майданы толугу менен реконструкцияланууда

Бишкектен 500 чакырым алыста жайгашкан Аксы районунун Кербен шаарындагы аба майданы толугу менен реконструкцияланууда. Учуп-конуу тилкелери, күтүү залы кенейтилип, кардарлар үчүн зарыл болгон шарттар каралууда. Оңдоо иши 95 пайызга жыйынтыкталды.

Жетиген айылына биринчи ирет бала-бакча курулууда. Элеттиктердин муктаждыгын чечүүдө айылдан чыккан азаматтар жардамга келген. Каныбек Туманбаев, өз каражатынан 100 орундуу балдар бакчасын салып жатат. Курулуштун сметалык баасы 22 млн. сомду түзөт. Жыл аягында пайдаланууга берилүүчү бакчанын учурда 80 пайызы бүткөрүлдү. Жергиликтүү бийлик бакчанын курулушу үчүн муниципалдык аймактан 25 сотык жер аянтын берген. Бакча шаардын балансына өткөрүлүп берилет. Калаадагы балдардын 70% мектепке чейинки билим алууга муктаж.
Демөөрчүлөрдүн минтип, аймактын өнүгүүсүнө салым кошуусу, калктын жашоо-шартын жакшыртуу, миграцияны ооздуктоо аракеттеринен кабар берет. 

Турмуш-шарттын айынан сыртка жумуш издеп чыгып кеткендердин катарында Замирбек да болгон. 12 жылдан бери үй-бүлөсү менен башка өлкөдө жашап жүрдү. Кербен шаарынын борборуна түшкөн заманбап медициналык борбор, дарыгердин туулуп өскөн жерине биротоло көчүп келүүсүн шарттады. Медициналык борбор менчик тибинде кызмат көрсөтөт. Жаңы 30 жумуш оруну түзүлдү. 8 миллион 200 мин сомго курулган борбордо 5 бөлүм иштейт.
Кербендиктерди кубандырган дагы бир жаңылануу бул - 30 жылдан бери туруктуу иштей албай келген аба майданын заман талабына шайкеш келтирүү. 2018- жылдан бери, ондоп-түзөө, жаңылоо аракети жүрүүдө. Учуп-конуу тилкеси кеңейтилип, күтүү залы заманбап шартка келтирилүүдө. Муну менен Кербендиктердин борбор калаага чейин 500 чакырым жолду 12 саатта унаа менен каттаган түйшүгү жоюлмакчы.