Жаңылыктар
Ала-Бука айыл аймагында жолдор оңдолууда
Аймак
Ала-Бука айыл аймагында жолдор оңдолууда

Ала-Бука айыл аймагында жыл башынан бери 3 чакырым жол асфальтталды. Мында, аталган аймактын унаа каттаган негизги жолдору камтылды. Асанов, Шарипов, Орозалиев көчөлөрүндөгү жолдор оңдолду. Ошондой эле, айыл аймактагы 13 чакырым ички жолго шагыл төшөлдү. Ала-Бука айыл аймагында жалпы 27 чакырым жол бар. Мунун 80 пайызы асфальтталган. Аймакта 30 миңдей калк жашайт.