Жаңылыктар
​Баш прокуратура коррупцияга каршы эсепке 91,6 млн сом которду
Кыргызстан жаңылыктары
 ​Баш прокуратура коррупцияга каршы эсепке 91,6 млн сом которду

Башкы прокуратура коррупциялык зыяндын ордун толтуруу үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 91 миллион 694 миң 937 сом которду.

Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Ушуну менен Башкы прокуратура эсепке которгон каражаттын жалпы суммасы 519 миллион 260 миң сомдон ашты. Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы атайын эсепке 1 миллиард 148 миллион 900 миң сом чогулганын айткан. 

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.