Жаңылыктар
Бүгүн кыргыз-америка эки тараптуу консультациясы өтөт
Саясат
Бүгүн кыргыз-америка эки тараптуу консультациясы өтөт

АКШнын делегациясы 31-июлда өтө турган төртүнчү кыргыз - америка эки тараптуу консультациясына катышуу үчүн Бишкекке келди.

30-июлда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Жонатан Хеникти кабыл алды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңыланган макулдашууну ишке ашыруу, биргелешкен практикалык долбоорлордун багыттарын сүйлөштү. Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кызматташтыкты жандантуу маселелерин талкуулашты. АКШ Кыргызстандагы демократиялык институттарды, базар экономикасын бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. 

“Биздин өз ара мамилебизди бекемдөө ниетибиз бар. Кыргызстан жетишкен прогрессти көрүүгө кубанычтамын”, - деди Хеник. Тараптар кыргыз-америка мамилесин жаңы мазмун менен толуктоо зарылдыгы тууралуу өз ара түшүнүшүүгө жетишти.