Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 30 өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Акыркы суткада өлкө аймагында 30 өрт кырсыгы катталды

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 30 өрт чыкты. Аларды өчүрүүгө 35 бөлүм жөнөтүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.

Бишкектин Ленин районунун Муромск көчөсүндө ачык аянтта 300 чарчы метр куураган чөп өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Ленин районунун Чоң-Арык айыл аймагындагы тоодо ачык аянтта 1 гектар куураган чөп күйгөн.