Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Живпром айылында ири аянттагы куураган чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, айылдагы 15 гектар аянттагы куураган чөп күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.