Жаңылыктар
Нарын—Баетов жолунда унаа кырсыктан 2 киши мерт кетти
Кырсык
Нарын—Баетов жолунда унаа кырсыктан 2 киши мерт кетти

Нарын—Баетов жолунун 90-чакырымында 2 автомашина  кагышып, 2 киши мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсыктан 10 киши оор жаракат алган.«Ниссан Цефиро» жана «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Биринчи унаада 7, «Тойота Ипсумда» 5 жүргүнчү болгон. Кырсыктан жабыркаган 10 адам облустук ооруканага жаткырылды. Ал эми 1 аял жана 1 наристе окуя болгон жерде каза тапкан.