Жаңылыктар
Тышкы иштер министри АКШ делегациясын кабыл алды
Саясат
Тышкы иштер министри АКШ делегациясын кабыл алды

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джонатан Хеникти кабыл алды. Тараптар техникалык-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө жаңыланган Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн, биргелешкен долбоорлордун багыттарын, Кыргызстандан  мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кызматташтыкты жандантуу маселелерин талкуулашты.  

Америка тарап  Республиканын демократиялык жетишкендиктерин жогору баалап, өлкөдөгү демократиялык институттарды жана базар экономикасын бекемдөөгө мындан ары дагы көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.  АКШ делегациясы 2019-жылдын 31-июлунда өтүүчү Төртүнчү ар жылдык кыргыз-америкалык эки тараптуу консультацияларга катышуу үчүн Бишкекке келди.