Жаңылыктар
Дзюдочу Шахида Нармухамедова Азия жана Океания чемпиондугунда коло медаль алды
Спорт
Дзюдочу Шахида Нармухамедова Азия жана Океания чемпиондугунда коло медаль алды

Кыргызстандык дзюдочу Шахида Нармухамедова Кытайдын Тайбэй шаарында өспүрүмдөр арасындагы Азия жана Океания чемпиондугунда коло медаль алды.  Ал 78 килограмм салмактан жогорку категорияда күч сынады. Алгачкы кармашууда Шахида моңголиялык  атаандашына утулган.  Бирок  тайбэйлик Я-Тинг Чуангды жеңип алып, коло медаль тагынды. Шахида Нармухамедова жаштар арасында күмүш медаль  алган.