Жаңылыктар
Саламаттык сактоону санариптештирүү медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртат
Ден соолук
Саламаттык сактоону санариптештирүү медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртат

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат системаларын киргизүүнүн негизги максаты - калк үчүн медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, саламаттык сактоо уюмдарынын ишин жогорулатуу, адам факторун азайтуу жана медициналык кызмат көрсөтүүдө коррупцияны төмөндөтүү. 

Бүгүнкү күндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат системалары өзүнө он базаны камтыйт. Республиканын 136 стационардык мекемелеринде дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу, акы төлөө эсеби жана башка маселелер каттоого алынат. Жыл сайын бул тутумда бир миллиондон ашык дарылануучулардын маалыматы киргизилет.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорубузда иштеген дарыгерлерден, фармацевттерден, ошондой эле эң негизги биздин ММК фондунун борбордук аппаратында реалдуу түрдө кабыл алып, отчет кандайча жүргүзүлүп жатат, ошол боюнча көптөгөн маалыматтар жыйналды”,- деди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Эльнура Боронбаева.