Жаңылыктар
Соцфонддун түйшүгүн ким көтөрүшөт?
Кыргызстан жаңылыктары
Соцфонддун түйшүгүн ким көтөрүшөт?

Кыргызстанда пенсияга чыккан адамдар көбөйдү. Келечекте жумушсуздар менен карыган адамдардын саны дагы өссө, пенсиялык фонд азыркы пенсиянын өлчөмүн дагы төлөй албай калышы ыктымал. Буга жол бербөө үчүн социалдык фонд пенсия саноодогу тарифтик саясатты өзгөртүүнү сунуштап чыкты. Маселенин чоо-жайы эмнеде? 

Аскарбек Сооронбаев Нарын облусунун Кара-Суу айылында 1969-жылдан Союз тараганга чейин айдоочу болуп иштеген. Райондун бийик тоолуу категориясы эске алынып, пенсияга 60 жашында чыккан. Жети баланын атасы учурда айына 5 миң сом пенсия алат. Байбичесиники да ошол сумманын тегерегинде.

“Мамлекетибизде тынччылык болуп, сырттан инвесторлор көп келсе, акча көбөйсө, пенсия да көбөйөт эле да. Карылар, ата-энеси жок балдар бар. Буларга да аз-аздап акча берилет. Негизи, пенсияны убагында эле алам",- дейт Аскарбек Сооронбаев.

Маектешимди алган пенсиясынын суммасы канааттандырат. Анткен менен жыл өткөн сайын өлкөдө пенсионерлердин саны көбөйүүдө. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, былтыркы жылы 14 миң киши пенсияга чыккан. Минте берсе, Аскарбек Сооронбаевге окшогондор 5 миң сомду да албай калышы ыктымалдыгы айтылууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 605 миң пенсионер бар. Пенсиянын орточо өлчөмү болсо 4 миң 753 сомду түзөт.

Ал арада өлкөдө жумушсуздар да арбыды. Маселен, бир күндө болжол менен 100гө жакын адам иш издеп, ордо калаадагы Лев Толстой көчөсүнө чыгат. Арасында жогорку билимдүүлөрү да бар. Өкүнүчтүүсү булар азыр социалдык фондго акча которбогондуктан кийин пенсияга чыга албай калат.

“Жыл өткөн сайын иштеген адамдардын саны кыскарып, пенсионерлердин саны көбөйүп жатканы - пенсия төлөөдө маселе жарата баштайт. Же тарифтик саясатты өзгөртүү керек же жумуш орундарын көбөйтүп, айлык акыларды көтөрүү зарыл",- деп Социалдык фонддун бөлүм башчысы Жыпаргүл Чанаева билдирди. 

Дүйнөлүк эмгек уюмунун көрсөткүчү боюнча, бир пенсионерди үч-төрт иштеген киши каржылаганда гана камсыздалган коом катары сыпатталат. Бизде болсо бир пенсионерге эки адам же андан да так айта турган болсок алты адамга беш пенсионер туура келүүдө. Буга байланыштуу пенсиянын орточо өлчөмү да жогорулабай жатат. Экономист Умбриэль Темиралиев маселени чечүүнүн төмөнкүдөй жолун сунуштады.

Учурда Кыргызстанда аялдар 58, ал эми эркектер 63 жаштан пенсияга чыга алат. Бирок ал үчүн кеминде 20-25 жыл мамлекетке иштеп берген эмгек тажрыйбасы болушу керек.

А. Сулайманова, А. Кариев, КТРК