Жаңылыктар
ЖЭБ: модернизациялоого байланыштуу соттук отурум уланууда
Коррупция
ЖЭБ: модернизациялоого байланыштуу соттук отурум уланууда

Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу отурум уланды. Анда Айбек Калиев ТиБиЭй компаниясынан алган унаага байланыштуу маселе каралды.

Чуулгандуу иш боюнча сексенден ашык күбөнүн дээрлик жарымына жакыны суралып бүттү.

Соңку көрсөтмө бергендердин бири Талант Султанов 2015-2017-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы виза берүүчү кеңсесин жетектеген. Анын айтымында ТиБиЭй компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Мусажан Макелек менен виза маселесине байланыштуу таанышкан.

“Алгачкы жолугушуудан кийин ресторанга түштөнүүгө чакырган. Анда өзүнүн иши, долбоорлору тууралуу айтып берген. “Датка-Кемин” жөнүндө жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башталганын билдирген эле. Ал Сапар Исаков менен гана эмес, Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен да тааныш экенин айткан”, - деп билдирди. 

Дагы бир күбө, “Чакан ГЭС” ишканасынын мурдагы директору Арлан Осмонжанов 2014-жылы Мусажан Макелектин кеңешчиси болгон. Ал 2017-жылы Макелек ТиБиЭйге таандык 4 унааны сатуу өтүнүчү менен кайрылганын билдирди. Осмонжанов компанияга таандык Ленд Крузиер Прадо жол тандабасын Айбек Калиев белекке алып эмес, акчага сатып алганына ишендирүүдө. Буга байланыштуу жүйөөлөрдү Энергохолдингдин мурдагы жетекчисинин жактоочусу да белгилеп жатат.

Бирок тергөө ТиБиЭйден алынган унааны пара деп эсептейт. Ал эми алып сатуу тууралуу келишимди кылмыштуу жол менен табылган мүлктү адалдоо үчүн кылынган жасалма келишим катары кабыл алууда.

Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы жетекчиси Канатбек Муратбеков текшерүү учурунда туш болгон көрүнүштөрдү айтты.

Буга чейин көрсөтмө берген “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Таалайбек Толубаев ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүндө дагы деле мүчүлүштүктөр табылып, ал ТиБиЭй тарабынан кайра жасалып жатканын билдирген.

Соттун бул отурумунда болсо мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Толубаевге суроолор пайда болуп жатканын айтып, андан дагы кошумча көрсөтмө алууну өтүндү.