Жаңылыктар
Италияда деңизден куткарылган мигранттар маселеси курч бойдон турат
Дүйнө
Италияда деңизден куткарылган мигранттар маселеси курч бойдон турат

Деңизден куткарылган мигранттар маселеси курч бойдон турат.

Жер ортолук деңизинен Европага кирүүдө негизги коридор саналган Италия мыйзамсыз мигранттардын жолун тосуу боюнча бардык чараларга бараарын жарыялады. Бирок өмүрүн тобокелге салып, Жер ортолук деңизи аркылуу Европага келген мигранттардын агымы азая элек.

"Грегоретти" кемесине дарыгерлерди киргизүүгө Италиянын жээк күзөтү уруксат берди. Медиктер кеменин ичиндеги мигранттардын саламаттыгын текшергени жатышат. Алардын кемеси Сицилия кысыгында жүргөндө "Григаретти" жардамга келип, 130дан ашык адамды сактап калган.

Кайык Италиянын Август портуна токтогондо, кемеден чыгууга 15 өспүрүмгө, кийинчерээк эки ымыркайы бар үй-бүлөгө гана уруксат берилген.

"Республика" гезитинин суроолоруна жооп берип жатып, Италиянын Ички иштер министри Сальвини өлкөдө мыйзамдуу иштеген чет элдиктердин пайыздык көрсөткүчү төмөн экенин белгилеген.

"Миллиондогон италиялыктар жумуш издеп жатканда, менин милдетим, ар кандай жол менен миграцияны ооздуктоо болуп саналат", - деген ал.

Жер ортолук деңизиндеги мигранттарга байланыштуу абал биринчи жолу жаралып жаткан жок. Европа өлкөлөрүнүн бийлиги куткарылган мигранттарды кабыл алуу керек же жокпу деп көптөн бери тартышып келишет.
 

Куткарылгандарды кабыл алууга даярдыгын Берлин билдирди. Брюссель болсо мигранттарды бөлүштүрүү боюнча башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
 

Өз кезегинде Франциянын президенти Эммануэль Макрон бир аз убакыт мурда Европа биримдигинин 14 мүчөсү Жер ортолук деңизинен куткарылган мигранттарды жайгаштыруу боюнча планын жактырганын, ал эми 8 өлкө аларды кабыл алууга даярдыгын айткан.