Жаңылыктар
МЖӨ шартында иштөө үчүн инвесторлорго мүмкүнчүлүктөр ачылды
Экономика
МЖӨ шартында иштөө үчүн инвесторлорго мүмкүнчүлүктөр ачылды

Мамлекет барган сайын бизнес менен пайдалуу шартта иштегенди мыктылап өздөштүрүүдө. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартында иштөө үчүн инвесторлорго дагы кенен жол ачылды. Тагыраагы, ишкерлер үчүн кызматташуу талаптары кыйла жеңилдетилди. Бул шарттар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө жаңы мыйзамда камтылган. Мыйзамга дүйшөмбү күнү Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ошентип, 2012-жылы кабыл алынган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам күчүн жоготту.

Жети жыл мурда кабыл алынган Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнөнүндө мыйзамын пайдаланууга келгенде көптөгөн келишпестиктер байкалган. Бул албетте мамлекеттик жеке өнөктөштүктө кызматташууга дилгир болгон инвесторлор менен иш алып барууну аксаткан. Көп долбоолор даярдалганы менен анын азын гана мамлекеттик жеке өнөктөштүк шартында жүзөгө ашырууга мүмкүн болду.

Иш артка тартылгандыктан Экономика министрлигинин алдында атайын жумуш тобу түзүлүп, мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө жаңы мыйзам даярдалды. Аны Жогорку Кеңеш колдоп, Президент да кол койду.
Жаңы мыйзамда мамлекет менен ыңгайлуу шартта иштейм деген бизнесмендерге жол-жоболор, уруксат кагаздарын алуу жана башка жеңилдиктер берилээри каралды. Өзгөчө кичи долбоорлорду ишке ашырууда кызматташам дегендерге да жол ачылды.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартында иштөө чет мамлекетте мыкты колго алынган. Инфраструктуралык долбоорлорго, социалдык объектилерди курууга, жол салууга, эскилиги жеткен энергетика тутумун жаңылоого каражат тартыш болуп турганда мамлекеттик жеке өнөктөштүк шартында иштөө маселени чечүүнүн туура жолу, - дейт талдоочулар.

Аталган шартта ийгиликтүү ишке ишкан чоң долбоордун бири Бишкекте иштеп жаткан гемодиализ борбору. Долбоордун башкы максаты бейтаптарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү. Себеби учурда Кыргызстанда бөйрөк кемтигине же бөйрөктүн өнөкөт илдетине чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 1400дү чамалайт. Анын 592си бюджеттик негизде же акысыз, ал эми сегиз жүзгө жакыны милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу гемодиализ алышат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартындагы долбоорлорго ылайык мындай гемодиализ борборлору Жалал-Абад менен Ош шаарында ачылган. Өмүр үчүн алпурушуп жүргөн бейтаптардын көйгөйүн чечүү максатында ачылган гемодиализ борборунда 283 бейтап акысыз дарыланууда.

Буга окшогон долбоорлорду көбөтүп ийгиликтүү жүзөгө ашырууга эми толук кандуу шарт түзүлдү. Жеке эле ири эмес кичи долбоорлор иштей баштаса жарандардын көп маселеде муктаждыгы чечилет. Жаңы мыйзамда кызыкдар тарапка ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тендерге катышуу жол-жоболору да бир топ жеңилдетилген.