31-август - Эгемендик күнүнө карата Ноокен районунун тургундары көптөн күткөн заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилет. Анын курулушу 10 жыл мурда башталып, каражаттын тартыштыгынан токтоп турган.
2 негизги блоктон турган объект республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Ага 61 млн. сом каралган. Спорт комплекс заманбап спорттук шаймандары менен пайдаланууга берилет.