Жаңылыктар
“Ред петролеумдан” чыккан өрттүн себеби
Кырсык
 “Ред петролеумдан” чыккан өрттүн себеби

Ош шаарындагы "Red Petroleum" май куюучу жайында чыккан өрттүн болжолдуу себеби айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурбек Баймуратов өрт май ташыган унаадан чыкканын билдирди.

"10 тонналык бензовоз станцияга май куюп жатканда өрт чыгып, унаа жарылып кеткен. Жерине келген өрт өчүрүүчүлөр көбүк чачып, саат 23:10до тилсиз жоо чектөөгө алынды. Май сактаган цистерналарга өрт жеткен жок. Станциянын өзүндө жарылуу болгон эмес", - деди Баймуратов.

Жабыркагандар боюнча азырынча так маалымат жок. Тез жардам унаасы өрт кырсыгы болгон жерге барган, бирок эч ким кайрылбаганын "103" кызматынан билдиришти. Аталган май куюучу жай Ак-Тилек кичи районундагы Мамыров көчөсүндө жайгашкан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылганы айтылат.