Жаңылыктар
Ысык-Көлдө электрондук рецепт маалымат тутуму ишке киргизилет
Ден соолук
Ысык-Көлдө электрондук рецепт маалымат тутуму ишке киргизилет

Ысык-Көл облусунда дары-дармектерди жеңилдетилген баада сатып алуу үчүн электрондук ыкмага өткөрүлүүдө. Муну менен катар электрондук рецепт маалымат тутуму ишке киргизилет. Бул долбоор тесттик режимде башталып Ысык-Көл жана Ош облустарында аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашат.

Бул багытта аймактагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү дарыгерлер жана бейтаптар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Дарыгерлер белгилегендей, атайын иштелип чыккан программа абдан жеткиликтүү, оңой жана коопсуз. Бул долбоордун ишке кирүүсү менен базарларда сатылган сапатсыз даарыларга, дарыгер жазып берген дарыны шашылып эки, үч эсе кымбат баада  сатып алууга бөгөт коюу мүмкүнчлүктөрү түзүлөт.

Долбоорду жүзөгө ашырууда жарандык коом дагы активдүүлүгүн көрсөтүп комплекстүү киришүү зарыл дешет адистер.