Жаңылыктар
Мушкер Акжол Сулайманбек уулунун кезектеги атаандашы белгилүү болду
Спорт
Мушкер Акжол Сулайманбек уулунун кезектеги атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулунун кезектеги беттеши 24-августта Россияда өтөт. Ал WBO (Дүйнөлүк бокс уюму) версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн күч сынашат.

Акжол Сулайманбек уулу негизги беттешке чейин россиялык Сергей Ковалев жана британиялык Энтони Ярд менен рингге чыгат.

«РМК Боксинг Промоушен» спорт компаниясынын маалыматында: «Акжол Сулайманбек уулунун негизги атаандашы жакында жарыяланат», - деп айтылат.

Акжол Сулайманбек уулу — WBA Asia чемпиону, WBA версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 4-орунда турат. Ал ушул жылдын март айында чемпиондук курун үчүнчү жолу коргоп калды.