Жаңылыктар
Жер ресурстары боюнча жаңы мамлекеттик агенттик түзүлдү
Айыл чарба
Жер ресурстары боюнча жаңы мамлекеттик агенттик  түзүлдү

 

Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик  түзүлдү. Тиешелүү чечимге  Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  

Маалыматка ылайык, мамлекеттик агенттик  жер ресурстарын жана жерге болгон укуктарын натыйжалуу башкаруу, жер ресурстары жана кыймылсыз мүлк боюнча  геомаалыматтык тутумду түзүү, жер мыйзамдарын колдонуу, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу топографиялык-геодезиялык жана жерге орноштуруу иштерин өз убагында  аткаруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо максатында түзүлгөн.