Жаңылыктар
Жээнбеков: 2024-жылга чейин өлкөнүн бардык региондору таза суу менен камсыз болот
Айыл чарба
Жээнбеков: 2024-жылга чейин өлкөнүн бардык региондору таза суу менен камсыз болот

2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактары  таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков  Панфилов районундагы Панфилов айылында  таза суу менен камсыз кылууну туруктуу өнүктүрүү долбоорун ишке киргизүү аземинде  билдирди.  Мамлекет башчы  калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу  курч көйгөйлөрдүн бири экенин, бул  — мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

  "Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын  алкагында  республикалык бюджеттин жана  эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен алдыдагы 5 жылда 653 калктуу  конуштун калкы таза суу менен камсыз болот. Алардын ичинен 2018-жылы 69 айылы  таза суу менен камсыз болду. 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен  республиканын 44 айылында таза сууга болгон муктаждыктар чечилет" - деп белгиледи Өлкө башчы.

 Эске салсак,  Президент Сооронбай Жээнбеков  31-июлда ,  Чүй облусунун Панфилов районуна жумушчу сапары менен барды. Анын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алар  менен пикир  алышты.  Ошондой эле  Панфилов  айылын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке киргизүү иш-чарасына катышып, Букара айылындагы орто мектебинин жаңы имаратын көрүп чыкты.