Жаңылыктар
Турдакун Усубалиев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма тартылууда
Маданият
Турдакун Усубалиев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма тартылууда

Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев тууралуу толук метраждуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. 

Даректүү тасманын режиссеру Кыргыз Республикасынын Эл артисти Молдосейит Мамбетакунов, оператору Стамбулбек Мамбеталиев.

Ал эми тасманын сценарийин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телепрограммалоо дирекциясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Байма Сутенова жазган.

Эске салсак, Турдакун Усубалиев Совет мезгилинде Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, көз карандысыздык жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Быйыл Турдакун Усубалиев 100 жашка чыкмак. Президенттин жарлыгына ылайык быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет.