Жаңылыктар
Алты айдын ичинде Кумтөрдө 9,2 тонна алтын өндүрүлдү
Экономика
Алты айдын ичинде Кумтөрдө 9,2 тонна алтын өндүрүлдү

2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Кумтөр ишканасында 9,2 тонна алтын  өндүрүлдү. Бул тууралуу  «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти– аткаруучу директору Скот Перри  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусунда билдирди. 

Анын белгилешинче, 2018-2019-жылдары геологиялыкчалгындоо иштеринин программасына 18 млн. АКШ доллары бекитилген. Үстүбүздөгүжылдын май  айында «Centerra Gold Inc.»компаниясы бул максаттарга кошумча 6 млн. АКШ долларын бөлгөн.

 Белгилей кетсек,  Премьер-министр МухаммедкалыйАбылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти – аткаруучу директору Скот Перри жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин бирнече мүчөсү менен жолугушту. Тараптар  компаниянын ишмердүүлүгү жана Кумтөр кенинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты.