Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстан бир катар маселелерди талкууга алууда
Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан бир катар маселелерди талкууга алууда

Кыргызстан менен Өзбекстан бир катар маселелерди талкууга алууда. Бул максатта Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келди.  Учурда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуп эки тараптуу маселелерди тар чөйрөдө талкуулап жатат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, негизги маселелердин катарында чек араны тактоо маселеси бар. Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен чек арасынын 92% такталган.

Тактап айтканда анын 85% делиматация жана деморкация боюнча негизги келишимге киргизилген. Ошондо 10  такталбаган чек ара тилкеси калды. Муну менен катар сууну пайдалануу жана эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелер талкууга алынаары айтылды.