Жаңылыктар
Унаа уурдагандар кармалды
Кылмыш
Унаа уурдагандар кармалды

«Фольксваген Гольф-3» үлгүсүндөгү унааны уурдаган деген шек менен жаш жигиттер кармалды. Бул тууралуу, бүгүн 1-августта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлерине кайрылган жабырлануучу Б.К. 29-июлга караган түнү саат 02:00 чамасында Кара-Жыгач районунан белгисиз адамдар «Фольксваген Гольф-3» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт Жазык кодексиндеги 206-берене (автотранспорт каражаттарын уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (АИС ЕРПП) катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип эки жаш жигит кармалды. Шектүүлөр — 2001-жылы туулган С.Ж. жана Т.С. Бишкек ШИИБдин абагына убактылуу камалып, учурда тергөө иштери улантылып жатат.