Жаңылыктар
Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү
Кыргызстан
Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Өкмөткө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жүрүшүндө кол койду.

Чечим Суу кодексинин ченемдеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органын түзүүнү жөнгө салган талаптарды ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдеттери жүктөлөт. 

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда башкаруунун кээ бир функциялары ар башка ведомстволор тарабынан аткарылып, алардын ортосунда суу маселелери боюнча ишти координациялоо болгон эмес. Суу ресурстары агенттигин түзүү Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык тутумду, сууну пайдаланууга уруксатты жана суу ресурстарын акы төлөп колдонууну киргизүүгө, Суу колдонуучуларынын реестрин түзүүгө, маалыматтын негизинде ар кыл секторлордогу ишмердүүлүктү узак мөөнөттүү пландаштырууну камсыздоого, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу суу ресурстарын моделдештирүүгө шарт түзүшү болжонууда.

Суу ресуртары боюнча мамлекеттик агенттигин түзүү республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт.