Жаңылыктар
Балдар арасында көбөйгөн оорулар - жетишпеген ооруканалар
Кыргызстан жаңылыктары
Балдар арасында көбөйгөн оорулар - жетишпеген ооруканалар

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдар аралыгында   1 дагы балдар ооруканасы курулган жок.  Жыл өткөн сайын балдар  арасында  жугуштуу илдеттерден тарта онкологиялык  дартка чалдыккан учурлар көп  кездешүүдө.  Борбор калаадагы бир гана балдар ооруканасына жыл ичинде  130 минден ашык бала медициналык дарыланууга кайрылат, бирок алардын бардыгын ооруканага жаткырып дарылоого мүмкүнчүлүк  жок.   Мындай абал дагы улана турган болсо, анда  кыйынчылык түзүлүшү ыктымал дешет дарыгерлер.

Бишкектеги  №3  тез жардам балдар клиникалык ооруканасына   кайрылган оорулуу балдардын  саны көп  болгондуктан  орундуктар жетишпейт. Андыктан  тез арада балдар үчүн оорукана курулбаса,  абал кандай турукташат белгисиз.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча   4 гана   балдар ооруканасы бар.