Жаңылыктар
Жээнбеков: КР ветеринардык лабораторияга муктаж
Экономика
Жээнбеков: КР ветеринардык лабораторияга муктаж

Кыргызстан ветеринардык лабораторияларды курушу керек. Болбосо өндүргөн айыл-чарба азыктарын сыртка чыгара албай калат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт жыйынында белгилеп, бул жаатта иштин кечеңдеп жатканына нааразы болду. Премьер, Евразиялык экономикалык биримдигиндеги мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн  эң башкысы ветеринардык лабораториялар зарыл болуп турганын, ал үчүн болжол менен 120  млн сом керектигине токтолду.

Өлкөдө ветеринардык лабораториялардын курулушу кечеңедеп жатканына наразы болгон өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине башында даяр эмес эле киргенин эске салды. Бирок ага карабай өзүбүзгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача алдык-деген премьер, азыр Кыргызстанга эң зарыл ветеринардык лабораториялар болуп турганын жана аны өлкө өз күчү менен кура аларын айтты.

Өкмөт башчы жыйынында экспорт үчүн болуп жаткан тоскоолдуктарды эң кыска аралыкта алып салуу тапшырмасын вице-премьер министр Олег Панкратовго берди. Сооронбай Жээнбеков өлкө экономикасын төмөндөшүнө жол бербөө керек экендигин белгилеп, алдыдагы жарым жылдыкта ички дүң өндүрүмдү жогорулатуу зарылдыгын айтты.Ветеринардык лабораториялар менен катар айыл чарба тармагындагы маселелер көтөрүлүп, өкмөт башчы Айыл чарба министрлигине өз убагында иштин уюштурулбай калышы жазгы талаа жумуштарынын кечеңдешине алып келерин эскертти.

Жыйында өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу Экономика министри маалымат берсе, республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу Каржы министри айтып берди.Өз кезегинде экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча баяндама жасаган Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабыр Атажанов, жыйынга даярдыксыз келгендиги үчүн өкмөт башчынын сынына кабылды.

Жыйында аткаруу бийлигинин ишин баалоонун жаңы ыкмасы иштелип чыкканы белгилүү болду. Ага ылайык, мындан ары министрлер менен ведомство жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишине баа берүүнүн модели өзгөрөт. Баалоодо негизги басым элдин ишеними, канча инвестиция тартып, элди жумуш менен камсыз кылганы жана улуттук долбоорлордун ишке ашырылышына жасалмакчы. Мындан тышкары, өзгөртүүлөргө ылайык, министрлер кабинетинин иш режими өзгөрөт. Алсак, өкмөттүн пландык отурумдары айына бир жолу эле өткөрүлөт.