Жаңылыктар
Токой чарба агенттигинин жетекчиси пара менен кармалды
Коррупция
Токой чарба агенттигинин жетекчиси пара менен кармалды

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы пара менен кармалды. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган агенттиктин директору жана анын жардамчысы 2 миң. доллар пара алып жаткан учурда кармалган.

Аларды тинтүүдө ар биринде пара катары алынган 1 миң доллар өлчөмүндөгү акчалар табылган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча катталды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.