Жаңылыктар
Бишкекте мекендештер менен байланышуу боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өттү
Мекендештер
Бишкекте мекендештер менен байланышуу боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өттү

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча Кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Ага Орусия, Казакстан, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина, Бириккен Араб Эмирлигиндеги мекендештер катышты. Айрымдары онлайн каражаттары аркылуу жыйындын ишине кошулушту.

Чет жактагы мекендештер менен байланышуу боюнча Кеңеш Президенттин демилгеси менен өткөн жылы түзүлгөн. Анын максаты - мамлекеттик органдар менен - чет өлкөдөгү мекендештердин ортосундагы үзүрлүү диалог куруу, алардын Ата Мекенине кайтып келүүсүнө механизмдерди, шарттарды түзүп берүү.
Өлкө башчы Кеңешке төрагалык кылат. Кеңештин курамына министрлик жана ведомстволордун өкулдөрү, депутаттар, коомдук уюмдар жана диаспоралардын мүчөлөрү кирет. Кеңештин эң негизги милдеттеринин бири - чет жактагы мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыгын коргоо.

Мигрантардын арасындагы Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорго өз каражатын салууну каалагандар да аз эмес. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптан колдоп жана аларга бардык шарттарды түзуп берет. Мисалы, министрлер кабинети эмгек мигранттарынын тапкан акчаларын экономикага тартууга жардам берүү боюнча Молдованын тажрыйбасын үйрөнүп жана колдонгонду пландоодо.
Чет элдик жарандыгы бар кыргызстандыктар жакын арада “Мекен карт” башкача айтканда, мекендештердин күбөлүгүн алышат. Документ мигранттарга бир катар артыкчылыктарды берет. Миграция боюнча мамлекеттик кызматтардын маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө 800 миң кыргызстандыктар жашап жана иштешет, алардын 80 пайыздайы Орусияда.