Жаңылыктар
Медициналык иш-кагаздар электрондук тартипке өтүүдө
Ден соолук
Медициналык иш-кагаздар электрондук тартипке өтүүдө

Чүй облусундагы биргелешкен оорукананын медициналык иш-кагаздары электрондук тартипке өттү. Ал өз кезегинде дарылануучуларга гана эмес, дарыгерлерге да жеңилдик жаратат. Чүй облустук биргелешкен ооруканага кайрылган оорулуу туурасында маалымат анын электрондук медициналык картасында сакталат. Дарылоонун астында дарыгер монитор аркылуу стационарда кайсы дары бар экенин биле алат.

Кайра жандандыруу жана операция бөлүмдөрүндө заманбап дем алдыруучу Германиядан чыккан аппараттар коюлду. Алардын жардамы менен оорулуулардын өпкөсүн жасалма дем алдырышат. Дарылануучулардын абалын дарыгерлер монитор жана мобилдик байланыш аркылуу көзөмөлдөп турат. Чүй облустук биргелешкен ооруканада өткөн жылдын башынан тарта бардык медициналык документтер, ошондой эле медициналык карталар электрондук вариантта жүргүзүлүүдө.

Чүй облусунда медициналык мекемелердин арасынан толугу менен электрондук тутумга Чүй облустук биргелешкен оорукана, Жайыл жана Токмоктогу аймактык ооруканалар кирди. Жүз пайызга компьютер менен Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору камсыз болушту.