Жаңылыктар
Кыргызстан-Өзбекстан: стратегиялык кызматташтык жаңы баскычка чыкты
Саясат
Кыргызстан-Өзбекстан: стратегиялык кызматташтык жаңы баскычка чыкты

Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара чийиндерин тактоо жумуштарын жыйынтыктоого ынтызар. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында билдирди. Мындан улам өкмөт башчы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана деморакциялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин ыкчамдатууну сунуштады. Ошол эле учурда эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард долларга жеткирилмей болду.

Соңку жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык жаңы баскычка чыкты. Бардык тармакта байланыш барган сайын бекемделип жатат. Тараптар бул кызматташтыкты дагы тереңдетүүнүн үстүндө биргелешкен багыттарды аныктоодо. Бул максатта Өзбекстандын 

Премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке жумуш сапары менен келди. Такталбаган чек ара тилкелерин делимитациялоо жана деморакциялоо, сууну чогуу пайдалануу, экономикалык байланыштарды бекемдөө, өзгөчө айыл чарбасы, энергетика тармагында алакаларды чыңдоо. Бул маселелерди адегенде эки мамлекеттин Өкмөт башчылары эки тараптуу жолугушууда талкуулады.

Эки тараптуу алаканын алкагы барган сайын кулачын жайууда. Мындан улам Өкмөт башчылардын сүйлөшүүсү көп убакытты талап кылды. Анын жыйынтыгында Мухаммедкалый Абылгазиев бир катар маселелерде орток пикир табылганын билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын стратегиялык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи. 


Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык байланыштары да барган сайын өнүгүп жатат. Былтыр эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 336 млн долларды түзгөн. Бул 2017-жылга караганда 10%га көп-деди Абылгазиев. Ал эми быйылкы жылдын биринчи жарым жылында өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 165 млн доллардан ашыгыраак сумманы түзгөн. Өзбекстандын Премьер-министри бул көрсөткүч миллиард долларга жеткирилет-деди. Ал эми Кыргызстандын өкмөт башчысы өз ара соода жүргүзүүдө мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн биргелешкен ишканаларды ачып, ошол жерден кайра иштетип, таңгактай турган логистикалык борборлоруду куруу долбоолорун ишке ашыруу зарыл-деди.
Бүгүнкү күндө Өзбекстанда кыргыз капиталы менен иштеп жаткан 96 ишкана бар. Ал эми Кыргызстанда 200 кыргыз-өзбек биргелешкен ишканалары иштеп жатат. Негизинен Өзбекстан тарап айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачууга кызыкдар.

Жыйындын соңунда айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча үч документке кол коюлду. Анын бири өсүмдүктөрдүн карантини боюнча келишим. Ага ылайык айыл чарба азыктарын импорттоо жана экспорттоодо эки киргизилген талаптарды бирдей аткарат. Ал эми экинчи келишим боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги минералдык жер семирткичтерди ташууну мурдагыдай материалдык резервдер фонду эмес Айыл чарба министрлиги көзөмөлгө алмай болду. Ал эми үчүнчүсү өкмөттөр аралык жол карта. Анын алкагында биргелешкен логистикалык борбор куруу жагы каралууда. Ошол эле учурда Кыргызстан менен Өзбекстан авиакаттам жана жол каттамдарын кеңейтүүгө да ынтызар. Бул багыттан алып караганда тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү тезирээк аягына чыгарууга далалат кылмай болушту.