Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу сот отуруму уланды. Бул ирет мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин долбоорду ишке ашыруудагы аракеттери териштирилди.
Келишим түзүүнүн мыйзамдуулугу, алынган насыянын артыкчылыгы менен тобокелчилиги, ЖЭБди жаңылоонун зарылчылыгы сыяктуу маселелер Финансы, Юстиция, Энергетика министрликтеринин биргелешип иш алып баруусун шарттаган. Бул жолку сот отурумуна мурдагы Юстиция министри, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун күбө катары чакырылганы бекеринен эмес. Ал Осмонбек Артыкбаев тарабынан тиешелүү документтерге кол коюуну кечеңдетпөө өтүнүчү болушу мүмкүн экенин эске салды. Анткен менен Шыкмаматов ал учурда ЖЭБди модернизациялоо боюнча өкмөттүн чечимине байланыштуу Юстиция министрлигинде терс пикир болбогонун белгиледи. Ошол эле учурда мекемелер аралык комиссия чыгарган корутунду сунуш иретинде гана болгонун айтууда.
ЖЭБди модернизациялоо боюнча иште мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз адам айыпталууда. Ошондой эле ТиБиЭй компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү, кытай жараны Мусажан Макелекке да айып коюлган. Сот отурумдарында сексенден ашык күбөнүн жарымы суралды. Исаковдун жактоочусу алардын көпчүлүгү абакта жаткандардын пайдасына көрсөтмө берди деп эсептейт.
Укук коргоо органдарынын биргелешкен тергөө тобу ЖЭБди модернизациялоодо мамлекеттин кызыкчылыгы корголгон эмес деген корутунду чыгарган. Беш жарым миллиард сом, же ошол учурдагы курс менен 111 миллион долларлык чыгым келтирилгени кабарланган. Кылмыш ишинин материалдары элүү беш томдон турат. Кийинки сот отуруму 5-августта өтөт.